Бүгүн, 2025-жылдын 19-мартында Улуттук Манас театрында борбор калаанын мугалимдери арасында Нооруз майрамын утурлай "Кыз-жигит Сармерден" оюну өттү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, райондук билим берүү башкармалыктарынын башчылары, мектеп директорлору жана директордун мамлекеттик тил боюнча орун басарлары катышышты.


Калыстар тобунун курамына Каныкей Эралиева, Улуттук Манас театрынын директору Нурбек Талантбеков, Сармарден долбоордун алып баруучусу Талант Карагулов кирди.


Жыйынтыгында командалардын катышуучуларына ыраазычылык каттары  жана эстеликке белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган иш-чаралар улуттук баалуулуктарды, маданиятты, каада-салтты жайылтуу жана мугалимдердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү максатында уюштурулду.