Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев комплекстүү долбоорлоо башкармалыгынын башчысы Эйнар Кулбаев менен биргеликте Аламүдүн дарыясынын жээгиндеги аймакты жакшыртуу долбоорун мындан ары өнүктүрүү үчүн жер-жерлерде изилдөө иштерин жүргүзүштү.

Иштин жүрүшүндө келечектеги сууга жетчү атайын аймактар, эс алуучу зоналар жана суу жээгин бойлоп басуу үчүн тротуарлар талкууланып, каралды.  

Белгилей кетсек, буга катар эле Ала-Арча дарыясынын жээгин долбоорлоо иштери да жүрүп жатат.