ААРдин алкагында Ленин районунун бир бөлүгүнө айланган Орок МАБда бала бакчанын капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.

Эки кабаттуу имарат 140 орунга ылайыкталган, жалпы аянты 1363 чарчы метр, ал эми аймагы 0,4 га түзөт. Оңдоо иштеринин жүрүшүндө имараттын ички жайларын кайра пландоо каралган, бул мектепке чейинки билим берүү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Бала бакча медициналык кабинет, ашкана блогу, кир жуучу жана чарба бөлмөлөрү менен камсыздалат. Оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары, имаратта актовый зал да каралган.

Бүгүнкү күндө ички жана тышкы инженердик тармактарын кууруу, чатырын алмаштыруу, терезелерин орнотуу иштери аяктады.

Учурда ички, тышкы жасалгалоо иштери жүрүгүзүлүдө.

Ошондой эле бала бакчанын аймагы жашылдандырылып, ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулат.

Курулуш иштерин «Бийик КЖ» ЖЧКсы подряддык уюму тарабынан жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, бала бакча 1982-жылы курулуп ишке берилип андан кийин Советтер Союзу мезгилинде дыйканчылык институтунун лабораториясы катары колдонулуп келген. Институт жоюлгандан кийин имарат кароосуз калган. 2024-жылдын 1-ноябрынан баштап кайрадан бала бакча катары бекитилип бүгүнкү күндө капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.