Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы борбор калаада белгиленбеген жерлерде жарнама жайгаштырууга каршы рейддерди өткөрдү.

Жарык берүүчү таянычтарга, имараттардын дубалдарына, аялдамаларга жана дарактарга чапталган жана илинген жарнамалар алынууда. Бул жерлер маалыматтык билдирүүлөрдү орнотууга арналган эмес.

10-марттан 19-мартка чейин орнотулган жарнамалар боюнча 108 протокол түзүлдү, 272 000 сомго айып пул салынды. Анын ичинен 67 физикалык жакка 67 000 сом, 41 юридикалык жакка 205 000 сом айып пул салынган.

Жарнама ээлерине жарнамаларын алып салууга жана борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн бузбоого милдеттендирилген.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Бишкек шаарынын аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды сактоону өтүнөбүз.

Мындай тартип бузуулар аныкталган учурда тартип бузуучуларга КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 3-беренесинин 107-бөлүгүнө ылайык, айып пул салынат. Айып пулдун өлчөмү жеке жактар үчүн 1 000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5 000 сом.