Бишкек шаарында куурап калган чөптөрдү өрттөө учурлары көбөйдү.

Бул аптанын башынан бери Муниципалдык инспекция тарабынан төрт жолу чөп өрттөгөн учур катталды. Өрт чыккан жерлерге дароо өрт өчүрүүчү бөлүмдөр тартылып, анын жайылышын алдын алууга бардык зарыл чараларды көрүшүүдө.

2025-жылдын март айында Муниципалдык инспекция тарабынан КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, 14 протокол түзүлүп, айып пулдун суммасы 136 000 сомду түздү.

Жаңы конуштун тургундары менен таштанды жана куураган чөптү өрттөбөө, ошондой эле мындай аракеттердин экологияга тийгизген таасири жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаар тургундары! Аймакты тазалаган соң, таштандыны өрттөөдөн алыс болуңуздар. Куурап калган чөптөрдү, таштандыларды баштыктарга салып, таштанды челектеринин жанында калтырыңыздар.

Эскертебиз! Өз алдынча өрттөө - кооптуу аракет!