Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясы тарабынан Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы №172 жана №232 контурлар боюнча чыгуу уюштурулуп, анда айыл чарба багытындагы жер тилкелерине өз алдынча, тиешелүү документи жок фундамент куюлгандыгы жана убактылуу имараттарды куруу фактылары аныкталган.
"Көк-Жар" МАБда Анарбак, Көк-Жар (№172, №232 жана башка контурлар) аймагында айыл чарба жерлеринин ээлери менен айыл чарба багытындагы жер участокторунда мындан ары мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө жөнүндө 7 түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары 200дөн ашык эскертүү (билдирүү) берилген.
Бирок, билдирүүлөргө жана эскертүүлөргө карабастан, жер ээлери эч кандай чара көрүшкөн эмес – жерди өз алдынча иштетип жана уруксатсыз курулуштар уланып келген.
Жыйынтыгында райондук администрация тарабынан мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу чаралары күчөтүлгөн режимде улантылат.
Иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы №28 токтомун, 2022-жылдын 10-июнундагы №96 "Бишкек шаарынын аймагындагы жерлерди өз алдынча басып алуу фактыларын алдын алуу жана жоюу боюнча чаралар жөнүндө» Бишкек шаарынын мэриясынын токтомун, Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 27-июнундагы №151 буйругун аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.