Бишкек шаарында Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында U-15 кичи кадеттер арасында эркин күрөш боюнча шаар биринчилиги өттү. Бул турнир жөн гана медалдарга болгон күрөш эмес, спортчуларга өздөрүн көрсөтүп, тажрыйба топтоого чоң мүмкүнчүлүк болду.

Эркин күрөш – бул мүнөз, күч жана чыдамкайлык. Ар бир килемге чыгуу – спортчунун физикалык даярдыгын гана эмес, анын психологиялык туруктуулугун да сыноо.

Салмактык категориялар боюнча жеңүүчүлөр:

52 кг:
1-орун – Түткүчов Байэл (2010-ж.т.);
2-орун – Исаков Умар (2011-ж.т.);
3-орун – Камчыбеков Иса (2010-ж.т.);
3-орун – Сатылганов Актан (2010-ж.т.).

85 кг:
1-орун – Бектурганов Анвар (2011-ж.т.);
2-орун – Анарбеков Буян (2010-ж.т.);
3-орун – Турдумамбаев Ынтымак (2011-ж.т.);
3-орун – Кадырбеков Ильяс (2010-ж.т.).

Турнирдин уюштуруучулары – Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Раатбек Санатбаев атындагы дене тербия-ден соолукту чыңдоо компеклси.

Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Бирок эң башкы сыйлык – бул топтолгон тажрыйба, чыңалуу жана алдыга жылууга болгон мүмкүнчүлүк.