Бишкек шаарында 2025-жылдын 25-мартынан тартып жолдорду оңдоп-түзөө иштери башталат.
Атай кетсек, транспорт кыймылы үчүн Жибек-Жолу проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы жабылат. Түндүк тарабы убактылуу эки тараптуу болот. Оңдоо иштери «ДорСтрой Групп» ЖЧКсы аркылуу аткарылат.
Ошондой эле, Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы жабылат. Чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат. Подряддык компания – «ДорСтрой Групп» ЖЧК.
Мындан тышкары, Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштерин «Технотоп» ЖЧКсы жүргүзөт.
Белгилей кетсек, айрым жол тилкелеринин жабылышына байланыштуу коомдук транспорттун кыймылында өзгөрүүлөр болбойт.
Ушул жылы жалпысынан сегиз жолду реконструкциялоо пландалууда.
Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын алдын алуу үчүн каттамыңыздарды алдын-ала пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.