Бүгүн, шаар мэри Айбек Джунушалиев «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасына CHEVROLET COBALT маркасындагы беш жаңы кызматтык унааны тапшырды.

Жаңы унаалар «Бишкек шаардык транспорт» МИнин чарбалык ишмердүүлүгүнүн эсебинен сатылып алынып, жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

«Бул унаалар жол коопсуздугун камсыздоо максатында, автобус айдоочуларынын жол кыймыл эрежелерин сактоосуна көзөмөл жүргүзүү үчүн алынган. Ошондой эле шаар тургундарына жолдордо жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берүү жана алдын алуу үчүн бул жакшы прогресстин көрсөткүчү болгон оң кадам. Бул унаалар жакшы кызмат өтөсүн», – деп белгиледи мэр Айбек Джунушалиев.

Кызматтык унаалар атайын техникалык жабдуулар менен камсыздалып, коомдук транспорттун жол кыймылын оперативдүү жана сапаттуу көзөмөлдөөгө, ошондой эле коомдук транспорттун кыймылын жөнгө салууга жана шаар жолдорунда коопсуздукту камсыздоого жардам берет.

Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана борбор калаадагы коомдук транспортко көзөмөлдү жакшыртуу иштерин улантууда.