Кожомкул атындагы спорт сарайында Бишкек шаарынын V волейбол чемпионаты өттү.

Бул турнир волейбол сүйүүчүлөрү үчүн уюштурулуп, жогорку деңгээлде оюн көрсөткөн эркектер жана аялдар арасында беш команданы бириктирди.

Эркектер арасында чемпионаттын жыйынтыгы:
1-орун – ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын волейбол клубу;
2-орун – Коргоо министрлигинин Армиясынын спорттук волейбол клубу;
3-орун – “Бишкек” волейбол клубу.

Кыз-келиндер арасында:
1-орун – «Салам алик» волейбол клубу;
2-орун – “Бишкек” волейбол клубу;
3-орун – “Дордой” волейбол клубу.

Мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти, Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясы, Бишкек шаарынын Волейбол федерациясы жана Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук оюндар мектеби уюштурду.