Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузууларды алдын алуу максатында Ленин районунун акимиаты МАБ, укук коргоо органдарынын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери менен  биргеликте «Өспүрүмдөр түнү» аттуу түнкү рейд өткөрүштү.

Шаардын коомдук жайларын жана көчөлөрүн текшерүү учурунда чоң кишилердин коштоосу жок жүргөн 21 жашы жете элек өспүрүм аныкталды. Алардын үчөө Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна (ЖПБ) өткөрүлүп берилди. Калган балдар ата-энелерине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилип, алар менен жашы жете электердин түнкүсүн көчөдө жүрүүсүнө жол бербөө боюнча профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Ленин РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан балдардын ата-энелерине КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор түзүлдү.

Мындай рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, балдарга кароосуз калуу жана мүмкүн болуучу коркунучтардын алдын алууга багытталган.