27-мартта Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында Эл аралык театр күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чаранын катышуучуларын Маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Апсамат Акунов куттуктап, театр өнөрүнүн борбор калаанын маданий жашоосундагы маанилүүлүгүн белгиледи. Ал театр жамаатына жана актерлорго сахна өнөрүн өнүктүрүүгө, маданий мурасты сактоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын алкагында театр кызматкерлерине ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары тапшырылды. Салтанаттуу бөлүк театр актерлору тарабынан даярдалган спектакль менен жыйынтыкталды.

Эл аралык театр күнү – бул жашоосун сахна өнөрүнө арнаган инсандарды бириктирген майрам. А. Умуралиев атындагы театр борбор калаанын алдыңкы маданий жайларынын бири катары терең мазмундуу жана чеберчиликке сугарылган спектаклдери менен көрөрмандарын кубантуу иштерин улантууда.