Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жетекчилиги менен көчмө жыйын өткөрдү.
Шаар башчысы учурда жер астындагы өтмөктөрдүн курулушу уланып жаткан ооруканага чектеш аймакты текшерип, Муниципалдык кызматтарга өтмөктүн кире беришин бошотуу боюнча тапшырма берди.
Мындан тышкары, мэри госпиталдын айланасындагы иштеп жаткан объектилердин мыйзамдуулугун карап чыгууну тапшырды. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы объектинин ээлерине ыктыярдуу түрдө демонтаж кылуу боюнча билдирүү жөнөтүшү керек.
Биринчи май райондук администрациясынын башчысына оорукананын айланасын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча талаптарга ылайык келтирүү, ошондой эле “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы менен биргеликте оорукананын айланасында тротуар куруу, тез жардам унаалары үчүн чектөө белгилерин орнотуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.
Муниципалдык инспекция жеке менчик үйлөрдүн ээлерин тактап, айлана-чөйрөнү талапка ылайык кармабагандыгы үчүн эскертүү бериши керек.
Госпиталдын жетекчилигине ооруканага чектеш аймакты талаптагыдай абалда кармоо жана бейтаптар менен шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү милдети жүктөлдү. Ошол эле учурда шаардык кызматтар Улуттук госпиталдын аймагын комплекстүү көрктөндүрүү боюнча маселелерди карап чыгышы зарыл.