Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы муниципалдык аймактарды мыйзамсыз объектилерден бошотууга багытталган көптөгөн иштерди аткарды.
Бир жуманын ичинде жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 246 жеңил типтеги объект, анын ичинде күркөлөр жана контейнерлер демонтаждалып, шаардын көчөлөрүндөгү 17 тосмо алынды.
Ош базарынын аймагында Жаш Гвардия бульварынын Кулиев көчөсүнө чейин жана Ала-Арча дарыясынын боюнда 33 объект демонтаждалган.
Шаардын дизайн -кодуна туура келбеген жарнамалык конструкцияларды жоюу иштин маанилүү этабы болду. Жалпысынан 244 даана демонтаждалды.
Мындан тышкары, башкармалыктын адистери тарабынан Тунгуч кичи районундагы муниципалдык жерге тиешелүү уруксаат кагаздары жок 20 гараж алынды. Бул объектилердин бардык ээлери алдыдагы демонтаждоо жөнүндө мурда кабарланган.
Ошондой эле, түндүк айланма жолдун боюнда 10 капиталдык обьектилер демонтаждалган. Иш Биринчи май райондук администрациясы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы борбор калаада тартипти орнотуу иштерин улантууда.