Бишкек шаарында жолдорду реконструкциялоо иштери уланууда. 2025 - жылдын 1-апрелинен тарта Жаш Гвардия бульварынын Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки түндүк тарабы жабылат.

Транспорт кыймылы үчүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки тилке жабылып, түштүк тарабы убактылуу эки багыттуу болот. Курулуш иштерин “ДорСтройГрупп” подрядчы уюму  жүргүзөт.

Белгилей кетсек, коомдук транспорттордун кыймылына өзгөртүү киргизилбейт.

Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар жана борборубуздун коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамыңызды  алдын ала пландоону жана коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.