2025-жылдын 3- апрелинде саат 10:00 - 24:00 чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат.
Өчүрүү төмөнкү көчөлөрү менен чектелет:
Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Боронбай, Көпүрө-Базар, Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, «Рабочий Городок», «Институт Землиделия», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана «Тенир-Тоо» конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).
Ичүүчү сууну өчүрүү «Гагарин» жана «Түштүк-Батыш» суутоптоморунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.
«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.