Маевка муниципалдык  аймактык башкармалыгында белгиленбеген жерлерге таштанды таштагандарды аныктоо үчүн  видеокөзөмөл камералары орнотулду.

Бул чаралар Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында, башаламан таштанды жайларын жоюу максатында ишке ашырылууда.

Видеокөзөмөл камералары төмөнкү даректерге орнотулду:
•Жапаров көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде;
•Арычная көчөсү – «Жантай» мал базарынын артында;
•Жаш Гвардия бульвары менен Школьная көчөсү кесилишкен жердеги скверде.

Видеобайкоо курулуш жана тигүү цехтеринен чыккан таштандыларды мыйзамсыз ыргыткан жарандарды аныктоого жардам берет. Камералардын жазуулары Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына өткөрүлүп берилет. Андан кийин эреже бузгандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, тиричилик таштандыларын ыргыткандыгы үчүн 5 500 сом, юридикалык жактарга үчүн 17 000 сом, өндүрүш калдыктарын ыргыткандыгы үчүн жеке жактар   7 500 сом, юридикалык жактар үчүн 23 000 сом айып салынат.