"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасынын абоненттердин жылуулук энергиясы үчүн болгон карыздарын кыскартуу боюнча иштерин улантууда. Ушул иштердин алкагында ишкананын кызматкерлери үч айдан ашык убакыттан бери төлөм жүргүзбөгөн абоненттердин арасында рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.
Бул иш-чарага контролерлор жана үй ичиндеги системаларды тейлөө кызматы жана райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери да катышты. Рейд учурунда карызы бар абоненттер менен өз убагында төлөм жүргүзүүнүн зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, карызды тез арада төлөө тууралуу актылар жана буйруктар түзүлдү. Айрым учурларда ири суммадагы карызы бар абоненттердин ысык суу менен камсыздоосу өчүрүлдү.
"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы абоненттерди жылуулук энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат, анткени бул ар бир үйдүн туруктуу жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздалышынын кепилдиги болуп саналат.