Бишкек шаарындагы №25-мектептин базасында Эл аралык тил күнүнө арналган «Ырдайлы кыргыз ырларын» жана «Тил – достуктун ачкычы» аттуу конкурстардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Сынактарга Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланган бала бакчалардын тарбиялануучулары жана мектеп окуучулары катышты.

«Ырдайлы кыргыз ырларын» сынагынын жыйынтыгы боюнча:
•Үчүнчү орунду алган №118 жана №117 бала бакчалардын тарбиялануучуларына жумшак оюнчуктар жана Лего оюндар топтому тапшырылып, бала бакчаларга Ардак грамота берилди.
•Экинчи орунду алган №53  бала бакчанын тарбиялануучуларына жумшак оюнчуктар, ал эми бала бакчанын өзүнө Лего оюндар топтому ыйгарылды.
•Биринчи орунду ээлеген №51 бала бакчанын балдарына жумшак оюнчуктар, бала бакчанын өзүнө чаң соргуч белекке берилди.

«Тил – достуктун ачкычы» сынагынын жыйынтыгы боюнча:
•Үчүнчү орунду №12 мектептин окуучусу Джон Ену жана №100 мектептин окуучусу Асема Майрамбекова алышып, аларга портативдүү диоддук лампа жана Ардак грамота тапшырылды.
•Экинчи орунду №11 мектептин окуучусу Жазель Сапарбекова жеңип, смарт саат жана Ардак грамота менен сыйланды.
•Биринчи орунду №49 мектептин окуучусу Жасмина Мамазимова ээлеп, мобилдик телефон жана Ардак грамотага ээ болду.
•Гран-При сыйлыгын №77 мектептин окуучусу Айсалкын Эсенбекова жеңип, активдүү катышканы үчүн планшет жана Ардак грамота менен сыйланды.

Белгилей кетсек, иш-чаранын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү үчүн  атайын концерттик программа уюштурулду.