Биринчи май районунун Маевка МАБнын жашоочулары жаңы таштанды контейнерлерин сатып алышты.
Эми Маевка муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары таштандыны атайын контейнерлерге салып алып чыгышат жана ал жерден “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аны бекитилген график боюнча алып кетишет.
Мындай контейнерлердин артыкчылыгы – таштанды челектерин чогултулган күнү бекитилген график боюнча, убакытка карабастан чыгарууга болот.
Белгилей кетсек, аким аталган жерге барып, жергиликтүү тургундардын сунуш-пикирлерин укту. Жыйындын жүрүшүндө катуу таштандыларды системалуу ташып чыгууну жакшыртуу жана уюштуруу маселелери талкууланды.
Район башчысы жергиликтүү тургундардын активдүүлүгүн жана катышуусун белгилеп, ыраазычылык билдирип, демилгени активдүү колдогондорго ыраазычылык каттарын тапшырды.
Мындай иш-чаралар шаардын тазалыгын сактоо жана камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.