Бишкек шаарындагы Васильев көчөсү, 169 дареги боюнча өндүрүштүк база демонтаждалган объекттерден тазаланат.
2017-2020-жылдар аралыгында топтолгон темирлерди жана калдыктарды чыгаруу боюнча иштер Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан "Тазалык" МИсы жана "Кыргызметаллпром" МИ менен биргеликте жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасы менен кара жана ар түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатып алуу-сатуу келишимин түздү.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2024-жылдын 21-ноябрындагы чечими менен өндүрүштүк базада 2020-жылдан 2024-жылга чейин жеңил типтеги объектилер (контейнерлер, гараждар, күркөлөр, жарнамалык конструкциялар ж.б.), демонтаждалган жана сакталган жеңил объекттер ээси жок деп табылган.