2025-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев №1 ДЕПОнун курулуш иштери менен таанышты.

Учурда эки троллейбустук автобазада электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоого багытталган реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Аймактар унаа токтотуучу жайга ылайыкташтырылып, электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулууда.

Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоор боюнча борбор калаага 120 электробус келет.

Борбор калаа башчысы подрядчиктин алдына эки автобазадагы бардык курулуш иштерин 2025-жылдын 25-майына чейин, белгиленген келишимдик мөөнөттөрдү так сактоо менен бүтүрүп, электробустар келүүчү участокторду даярдоо милдетин койду.

Өз кезегинде подрядчы ишти белгиленген мөөнөттө бүтүрбөсө, ал Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Кыдыруунун жыйынтыгында шаар мэри Айбек Джунушалиев курулуш иштеринин сапатын жана өз убагында бүткөрүлүшүн көзөмөлгө алууну тапшырды.