Бишкек шаарында жашыл аянттарды жакшыртуу жана аларды тейлөөнү жеңилдетүү максатында заманбап сугаруу системаларын орнотуу иштери уланууда.

Жаңы сугаруу системалары нымдуулукту туруктуу жана бир калыпта жеткирүүнү камсыздап, сууну сарптоого  жана жашыл өсүмдүктөргө кам көрүү процессин оптималдаштырууга багытталган.

Азыркы тапта бул иштер борбордун төрт районунда жүрүп жатат. Сугаруу системалары ар бир райондун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен орнотулууда, бул аларды жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырууга мүмкүндүк берет.