Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана эмгектин начар түрлөрүнө тартылган балдарды аныктоо максатында Биринчи Май райондук администрациясы РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана райондук муниципалдык аймактык башкармалыгы менен биргеликте рейддерди өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө «Азиз», «Кудайберген» жана «Сары-Өзөн» базарлары текшерилип, жыйынтыгында 5 жашы жете элек өспүрүм эмгекке тартылгандыгы аныкталды. Аларга мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң жашы жете элек балдар мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
Бардык аныкталган жашы жете электерге протоколдор түзүлүп, андан ары профилактикалык иштерди жүргүзүү жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн тиешелүү каттар жашаган жери боюнча райондордун Социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнө жиберилет.
Рейддик иш-чаралар системалуу түрдө жүргүзүлүүдө. Балдар эмгегин эксплуатациялоонун алдын алуу боюнча иш берүүчүлөр жана чарбалык субъекттер менен түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө.
Жашы жете электердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган фактыларды билдирүү үчүн күнү-түнү иштеген “111 ишеним телефону”, ошондой эле Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн ишеним телефону иштейт: 67-03-86.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ата-энелер балдарын тарбиялоо, багуу жана коопсуздугу үчүн жооптуу.