Бүгүн, 2025-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов районунун №33 орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата “Даңк аллеясына” мезгил кутусун салуу салтанаттуу аземи өттү.
Иш-чарага Свердлов районунун акиминин орун басары А.Арстамбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин директору Р.Мусаева, Свердлов райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Ж. Абдыжапаров, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү, иш-чаранын демилгечиси, Казакстандын коомдук ишмери жана жазуучусу Б.Айжигитов, Республикалык согуш ардагерлер кеңешинин төрагасы Т.Какчкеев, шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы М.Бейшеев, ошондой эле мектептин мугалимдер жамааты жана окуучулары катышты.
Иш-чаранын алкагында №33 орто мектептин тарбиялануучулары тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун даңазалуу жоокерлеринин урматына көчөт отургузулуп, мектептин окуучулары даярдаган концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек, №33 орто мектептин имаратында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Самибек Абазович Игембердиев, Василий Петрович Петрищев, Сергей Михайлович Извеков, Анатолий Васильевич Писаренко, Кемель Токаевич Токаев, Рахимжан Кошкарбаевич Кошкарбаев билим алышкан.