Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун салттуу «Жаш таланттар» сынагына чакырат. Иш-чара 2025-жылдын 12-апрелинде өтөт. Бул балдардын музыкалык өнөрүндөгү маанилүү маданий окуя шаардык балдар искусство мектептеринин жаш аткаруучуларын бириктирет.
Сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын алкагында өткөрүлүп, өсүп келе жаткан муундун патриоттук сезимин, улуттук маданиятка, салт-санаага жана өнөргө болгон урмат-сыйды калыптандырууну, ошондой эле жаш таланттарды колдоону көздөйт.
Быйылкы сынак «Кыргыз элдик аспаптары» жана «Элдик вокал» багыттары боюнча өтөт. Бул улуттук музыкалык мурасты сактоо жана өнүктүрүүнүн маанисин дагы бир ирет баса белгилейт.
Иш-чара шаардын так ортосунда жайгашкан жаңы №9 Балдар искусство мектебинде өткөрүлөт. Бул — чыгармачылык жана шыктануу үчүн бардык шарттары бар заманбап билим берүү мекемеси.
Сынактын катышуучуларын Кыргызстандын белгилүү музыканттары жана элдик музыка менен билим берүү тармагында жогорку абройго ээ болгон кесипкөй калыстар тобу баалайт.
«Жаш таланттар» сынагы — бул балдар үчүн өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк гана эмес, борбордун маданий чөйрөсүн өнүктүрүүдөгү, жаш таланттарды колдоодогу маанилүү кадам.
Иш-чаранын башталышы: саат 9:00.
Дареги: №9 Балдар искусство мектеби.
Кирүү акысыз.