“Таза район – таза коом” экологиялык акциясынын алкагында Биринчи май районунун бир катар конуштарынын тургундары тиричилик таштандыларын чогултуу үчүн желим контейнерлерди өз алдынча орното башташты.

Бул демилгеге 21-кварталдын жашоочулары кошулуп, 42 таштанды контейнерин сатып алышты.

Район башчысы тазалыкты жана тартипти сактоодо жарандардын катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, активдүү тургундарга ыраазычылык каттарды тапшырды.

«Таза район – таза коом» акциясы санитардык маданияттын деңгээлин жогорулатууга жана
районду көрктөндүрүүгө багытталган.

Аталган программанын алкагында райондо контейнерлерди орнотуу, ишембиликтерди уюштуруу жана экологиялык өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүү иштери улантылууда.