Бишкек шаарында БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү  “Айданек” балдарды реинтеграциялоо борборуна барышты.

БУУнун өкүлдөрү борбордун иши менен таанышып, борбордогу балдарга психологиялык, социалдык, медициналык, педагогикалык кызмат көрсөтүү боюнча колдонуудагы минималдуу стандарттар, балдардын өмүрүнө коркунуч туудурган кырдаалга кабылган балдарды аныктоо боюнча жооптуу кызматтардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, үй-бүлөнү оор турмуштук кырдаалдан чыгаруу боюнча мониторинг жүргүзүү тууралуу талкууларды өткөрүштү.

Ошондой эле адистердин борбордун тарбиялануучуларына улуттук оюндардын мисалында руханий-адептик баалуулуктарды байытуу ыкмалары менен таанышышты.
“Айданек” балдарды реинтеграциялоо борбору Бишкек шаарындагы 3 жаштан 18 жашка чейинки кароосуз жана көзөмөлсүз калган, оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык, психологиялык жана алгачкы медициналык колдоо көрсөтөт. Борбордо балдарга камкордукту, көңүл бурууну жана колдоону сезүүгө жардам берген, аларга жылуу жана достук маанай тартуулаган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

БУУнун комитетинин мүчөлөрүнүн иш сапары балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калды.