Бишкек шаарындагы №29-мектепте «Атам, апам жана мен — спорттук үй-бүлө» аттуу эстафетанын шаардык этабы өттү. Бул иш-чарага шаардагы төрт райондон келген 8 үй-бүлөлүк команда катышты. Ар бир команданын курамын — атасы, апасы жана 10 жаштан 15 жашка чейинки балдары түздү.
Эстафетанын ачылышында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева сөз сүйлөп, үй-бүлөдө ынтымактуу болуу, бири-бирине колдоо көрсөтүү жана команда менен иштей билүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле дал ушундай үй-бүлөлүк баалуулуктар балдар үчүн үлгү болоорун кошумчалады.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.
Эстафетанын максаты — ден-соолукту чыңдоо жана спортко болгон кызыгууну балдарда гана эмес, ата-энелер арасында да жайылтуу. Анткени дени сак үй-бүлө — бул дени сак коомдун пайдубалы.
Жыйынтыгында эстафетанын жеңүүчүсү болуп Ленин районунун №2 МАБнын «Ак-Шумкар» командасы аталды. Экинчи орунду Свердлов районунун №18 МАБнын «Бүркүт» командасы ээледи, ал эми үчүнчү орунга Биринчи май районунун №15 МАБнын «Касым» командасы татыктуу болду.
Эстафетага катышкан бардык үй-бүлөлөргө сертификаттар тапшырылып, жеңүүчүлөргө кубоктор, медалдар жана эстелике белектер ыйгарылды.
Биринчи орунга — муздаткыч, экинчи орунга — кир жуугуч машина, үчүнчү орунга — сыналгы тапшырылды. Мындай баалуу белектер үй-бүлөлөр үчүн кошумча стимул болду.