Жашы жете электердин коопсуздугун камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Биринчи Май райондук администрациясы РИИБнин, №12 МАБдын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, билим берүү башкармалыгынын жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору менен биргеликте түнкү профилактикалык рейд өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө компьютердик клубдар жана эл көп чогулган жерлер текшерилди. Рейддин жыйынтыгында ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз жүргөн 29 жашы жете элек өспүрүм аныкталды.

Жашы жете элек 26 баланын ата-энесине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) карата Кыргыз Республикасынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренеси боюнча протоколдор түзүлдү.

Жашы жете элек 27 өспүрүм ата-энелерине өткөрүлүп берилип, алар менен маалыматтык-профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Эки өспүрүм Бишкектеги жашы жете электерди колдоо жана кабыл алуу борборуна (ЖККБ) жеткирилди.

Ошондой эле, тиешелүү каттар өспүрүмдөрдүн жашаган жери боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына андан ары иштөө жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн жөнөтүлөт.

Компьютердик клубдардын администраторлоруна жашы жете электердин түн ичинде чоңдордун көзөмөлүсүз коомдук жайларда жүрүшүнө жол бербөө боюнча мыйзамдын талаптары эскертилет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жашы жете электерге саат 22:00дөн 6:00гө чейин ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз коомдук жайларда жүрүүгө тыюу салынат. Ата-энелер балдарын тарбиялоо, багуу жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жооптуу.