Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багында Советтер Союзунун Баатырынын 103 жылдыгына арналган эскерүү жыйыны өттү.

Иш-чара Улуу Ата Мекендик согушта эркиндик жана тынчтык үчүн жанын берген баатырдын элесин түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулду.

Биринчи май райондук муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Райым Жолдошов, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев,  Ч. Түлөбердиев коомдук фондунун төрагасы Турар Бортоев, Нарк уулу Байдодоотов, Куралдуу Күчтөрдүн Согуш ардагерлеринин кеңешинин төрагасы, Биринчи май районундагы Ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев катышты.

Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын биринчи башкы колбашчысы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев сөз сүйлөдү.

Иш-чарага ошондой эле КР Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскердик оркестри жана ардактуу кароолунун курамы катышты.

Катышуучулар Чолпонбай Түлөбердиевдин элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерип, эстеликке гүл коюшту.