Бишкек шаарында 2025-жылдын 15-апрелинде Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылат.
Ошентип, Чүй проспектисинен Рыскулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы унаа кыймылы үчүн жабылат. Чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.
Оңдоп-түзөө иштерин «ДорСтрой Групп» ЖЧКсы аткарууда.
Урматтуу шаардыктар, айдоочулар жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштайт.