Борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасы беш көмүр отканага жылуулук насосторун орнотуу иштерин аяктады.

Жылуулук насостору  №118, №111, №106 билим берүү жана №55, №56 мектепке чейинки билим берүү уюмдарына орнотулду. Орнотулган жылуулук насосторунун жалпы саны 66 бирдикти түзөт.

Белгилей кетсек, жылуулук насостору алдыдагы жылытуу мезгилинде иштей баштайт жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Жылуулук насосторун колдонуу экологиялык абалды жакшыртуудагы маанилүү артыкчылыктардын бири болуп саналат.