Бишкек шаарындагы Ленин атындагы Маданият үйүндө “Баары  бийлейт!” хореографиялык искусство эл аралык конкурсу өтүп, ага  35 команда катышты.

Мектептин хореографиялык ийримин жетектеген Карыбекова Айгеримдин жетекчилиги менен №47 мектептен 30 кыз катышып, 1-орунга ээ болушту.

Белгилей кетсек, конкурска катышуу үчүн бардык курактагы чыгармачыл топтор чакырылган.