Бишкек шаарында колдонулган кубаттагычтарды чогултуу боюнча биринчи масштабдуу "Сенин Эко Зарядың" экологиялык чакырыгын ишке киргизүү талкууланды.
"Сенин Эко Зарядың" акциясы расмий түрдө 15-апрелде башталып 15-майга чейин уланат. Иш-чара дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жыл сайын 15-апрелде белгиленүүчү экологиялык билим күнүнө арналган.
Мэрдин орун басары Рамиз Алиев өз сөзүндө кубаттагычтарды (батарея) чогултуу жана утилдештирүү акциясынын маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкекте күнүнө 1200 тоннага жакын таштанды чыгарылаарын, анын ичинде батареялар да бар экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле таштанды полигонунун аймагында катуу тиричилик таштандыларын утилдештирүү жолу менен электр энергиясын өндүрө турган биотехнологиялык заводдун курулушу жүрүп жатканын билдирди.
Катышуучулардын айтуусу боюнча, жарактан чыккан бир батарея 20 м2 жерди булгай алат жана 40 куб сууну булгайт.
Акциянын максаты-кооптуу тиричилик калдыктарына өзгөчө көңүл буруу, сорттоону жана аң-сезимдүү керектөөнү өнүктүрүү, коомдун, бизнестин жана мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө.
Акция кандай өтөт:
- катышуучулардын кеңселерине батареяларды чогултуу үчүн контейнерлер орнотулат;
- кызматкерлер бир ай ичинде колдонулган батареяларды алып келишет;
- "Сенин зарядың" командасы алардын салмагын каттап турат;
- жыйынтыгында эң көп салымы бар компаниялар биринчи ЭкоПремияда сыйланат.
Шаардыктар үчүн маалымат:
- батареяларды "Сенин зарядың" өнөктөш пункттарында орнотулган контейнерлерге тапшырсаңыз болот;
- жайгашкан жерлер мобилдик тиркемеде жеткиликтүү;
- ар бир катышуучу масштабдуу эко-кыймылдын бир бөлүгү болуп калат;
- эң активдүүлөр жума сайын баалуу сыйлыктарды алышат.
Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды таштанды чогултуу жана батарея сыяктуу кооптуу калдыктарды утилдештирүү иш-чараларына активдүү катышууга чакырат.