Борбор калаанын отуз мектебинде 9-11-класстын окуучулары үчүн санариптик сабаттуулук, инсандык өсүү жана кесипке багыт берүү боюнча семинарлар, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана ден соолукка алдын ала кам көрүү боюнча көндүмдөр өткөрүлүп жатат.

Иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти менен Салымбеков университетинин биргелешкен долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Семинарлардан алган билимдер өмүрдү сактап кала алат, ошондой эле окуучуларга өзүнүн жана айланасындагылардын ден соолугуна кам көрүүгө жардам берет. Мындан тышкары, бул көндүмдөр келечектеги мектеп окуучуларынын ишинде жана окуусунда ийгиликтери үчүн чечүүчү мааниге ээ болот.