2025-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасында PISA-2025 эл аралык окуучуларды баалоо программасы боюнча изилдөө башталды. Тестирлөөгө 2009-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар катышууда.

Биринчи Май району боюнча №49, 86, 83, 24, 70, 41, 27 жана башка жалпы 27 мектеп тандалып алынды. Ар бир мектептен 40тан окуучу, жалпы 240 бала катышат.

Октябрь районунда №3, 20,37, 88, 62, 112, жалпы 22 мектеп тандалып алынды. Ар бир мектептен 42ден, жалпы 252 бала катышат.

Свердлов районундагы 35 жалпы билим берүүчү мектептердин ичинен 8 мектеп тандалып алынды: № 1, 10, 38, 46, 51, 66, 67, 111.

Ленин районуна караштуу 6 мектепте бул тестирлөө өткөрүлдү. Эл аралык тестирлөөгө ар бир мектептен көрсөтүлгөн курактагы 42 окуучу катышты.

Белгилей кетсек, аталган тестирлөөгө окуучулар Серебри платформасында даярданган, ал эми мугалимдер 2024-жылы окуудан өткөн.