Бүгүн, 2025-жылдын 15-апрелинде, Бишкек шаарынын Свердлов районунун №67 орто мектебинде Темиркул Үмөталиевдин ысымын ыйгарууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага улуу акындын үй-бүлөсү, кызы Чынара Үмөталиева, Бишкек шаарынын Свердлов райондук билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Ж.К. Абдыжапарова, ошондой эле КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Альфия Супатаева, белгилүү акын Тынчтыкбек Нурманбетов, Бишкек шаарынын райондук билим берүү башкармалыгынын адистери, Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты.
Иш-чаранын катышуучулары акындын жаркын элесине арналган чакан музей жана сүрөт көргөзмөсү менен таанышып, каалоо-тилектерин айтышты.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн шаардык семинар менен уланды. Катышуучулар №67 орто мектебинин мугалимдеринин иш тажрыйбасы менен таанышып, алардын ишмердүүлүгү боюнча маанилүү маалыматтарды алышты.