Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы боюнча май майрамдарына байланыштуу 1-майдан 11-майга чейин борбор калаада Ала-Арча жаратылыш паркына чейин жарым-жартылай экспресс автобус каттамы уюштурулат.

Каттамдын акыркы аялдамалары Т.Усубалиев атындагы аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында жайгашат.

Белгилей кетсек, жол кире накталай төлөөдө – 50 сом, накталай эмес төлөөдө – 40 сом болот. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт, зарыл болгон учурда иш тартиби кайрадан каралып чыгат.

Каттамды газ менен жүргөн 12 метрлик заманбап ISUZU автобустары тейлейт.

Мындан тышкары, Ала-Арча жаратылыш паркынын ичинде акысыз негизде эки жаңы электробус каттайт.

Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын меймандары! Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгынын болтурбоо үчүн өз каттамыңызды алдын ала пландаштырууну, ошондой эле жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну  сунуштайт.