Бишкек шаарынын мэриясы ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен биргеликте маанилүү маалымат менен кайрылат.

Жай мезгили жакындап, балдар сыртта, өзгөчө суу аянтчаларында жана бассейндерде көбүрөөк убакыт өткөргөндүктөн, ата-энелерди коопсуздук чараларын сактоого көңүл бурууга чакырабыз.

Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ата-энелер чаттары аркылуу сунуштар жөнөтүлөт. Алар менен таанышып, балдар менен кооптуу жерлердеги жүрүм-турум эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн талкуулоону суранабыз.

Коопсуздук негизги чаралары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- балдарды кароо: эч качан балдарды суунун жанында кароосуз калтырбаңыз;
-атайын куткаруучу форманы колдонуу: ачык сууда сүзүүдө балдарды атайын куткаруучу формалар менен камсыз кылыңыз;
- сууда жүрүм-турум эрежелерин билүү: балдарга суунун жээгине жакын чуркабоо жана бейтааныш жерлерде сууга түшпөө сыяктуу негизги коопсуздук эрежелерин түшүндүрүңүз;
- сууда сүзүүнү үйрөнүү: балдарды сууда сүзүү сабактарына катышууга үндөө.

Кымбаттуу ата-энелер! Жай мезгилинде биргелешкен аракеттер менен балдардын коопсуздугун камсыз кыла алабыз.