Ленин районунун аймагында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Мыйзамынын алкагында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Рейддер К. Акиев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде («Весна» соода борбору), Үмөталиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн, ошондой эле Пушкин жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде уюштурулду.
Иш-чараларга Ленин райондук ИИБинин кызматкерлери, Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, ошондой эле №1 жана №5 МАБнын адистери катышты.
Текшерүү учурунда 27 коомдук тамактануу жана соода жайлары камтылды. Жыйынтыгында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери тарабынан жалпы суммасы 100 миң сом болгон административдик протоколдор түзүлдү. Мындан тышкары, бардык жайларда тамеки, никотин колдонуу жана тамеки түтүнүнүн адамдын ден соолугуна тийгизген зыяны боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жарандардын ден соолугун коргоо жана мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында мындай профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантылат.