Россия Федерациясынын Карелия Республикасындагы Кондопога шаарында жаш кыздар жана балдар арасында полиатлон боюнча «лыжа жарышы менен үч түрдүү таймаш» дисциплинасы боюнча дүйнө чемпионаты өттү.

Мелдештин программасына үч негизги спорттук түр кирди: күч гимнастикасы, пневматикалык мылтык менен атуу жана лыжа жарышы. Мындан тышкары, спортчулар команда менен эстафеталык жарышка да катышышты.

Бул чемпионатка жалпы 8 мамлекеттен — Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Мавритания жана Россиядан 120дан ашуун спортчу катышты.

Кыргызстандын намысын бул мелдеште С. Джуманазаров атындагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (биатлон бөлүмү) тарбиялануучулары татыктуу коргоп чыгышты.

Биздин спортчулардын жетишкендиктери:
* Сапарбеков Бектур — 16–17 жаштагы жаш жигиттер арасында команда эсеп боюнча 3-орунду ээледи;
* Сапарбеков Артур — 18–20 жаштагы кенже балдар арасында команда эсеп боюнча 2-орунду багындырды.

Чемпионаттын максаты — полиатлонду өнүктүрүү жана жайылтуу, эл аралык спорттук кызматташтыкты бекемдөө, жаш спортчулардын чеберчилигин арттыруу жана дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты спортчуларды аныктоо болду.