Казакстандын Алматы шаарында «АДК» соода борборунда жайгашкан скалодромдо спорттун аскага чыгуу түрү боюнча “KIDS – 2025” Борбордук Азия Кубогунун биринчи этабы өттү.
Бул мелдешке Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстан мамлекеттеринен спортчулар катышты. Жалпы катышуучулардын саны — 217 адамды түздү. Алардын ичинен 105 спортчу «кыйынчылык» дисциплинасы боюнча, ал эми 112 спортчу «шамдагайлык» дисципинасы боюнча күч сынашты. Спортчулар үч жаш категориясында мелдешке чыгышты: 2011–2012-жылкы, 2013–2014-жылкы жана 2015-жылкы жана андан кичүү.
Кыргыз Республикасынын жаштардан түзүлгөн курама командасы да бул мелдешке активдүү катышты. Команданын курамында С. Жуманазаров атындагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (аскага чыгуу бөлүмү) алты тарбиялануучусу ат салышты.
Кыргызстандык спортчулардын жыйынтыктары:
Шамдагайлык дисциплинасы:
•Марасулов Дамир (балдар, 2011–2012-ж.т.) — 4-орун;
•Ким Сергей (балдар, 2015-ж.т. жана андан кичүү) — 4-орун.
Кыйынчылык дисциплинасы:
•Оморова Аделя (кыздар, 2011–2012-ж.р.) — 5-орун.
Бул мелдештин негизги максаты — спорттун аскага чыгуу түрүн жаштар арасында жайылтуу, Борбордук Азия өлкөлөрүндө бул спорттун жеткиликтүү жана эл арасында кеңири таралган формасын өнүктүрүү, жаш спортчуларды аныктоо, катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, Борбордук Азия Кубогунун кийинки этаптары үчүн улуттук командаларды түзүү жана рейтингдик тандоо жүргүзүү, ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр арасында ден соолукка пайдалуу жашоо образын жайылтуу болуп саналат.