Бишкек шаарында №65 мектебинин базасында 8 номинация жана 11 багыт боюнча мектеп окуучуларынын изилдөө долбоорлорунун сынагы өткөрүлгөн.
Сынакка 300дөн ашык окуучу катышып, 100 долбоор сунушталды.
Мектеп окуучуларынын илимий-изилдөө долбоорлорунун сынагынын максаты::
-окуучулардын илимий-изилдөө иштерине кызыгуусун арттыруу жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү;
- таланттуу мектеп окуучуларын аныктоо жана колдоо;
- маалыматты өз алдынча издөө, талдоо жана системалаштыруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- алардын изилдөө иштерин көрсөтүү жана коргоо жөндөмдөрүн калыптандыруу;
- мектеп окуучулары арасында илимий билимдерди жана инновациялык идеяларды жайылтуу;
- окуучулардын, педагогдордун жана илимий коомчулуктун ортосунда тажрыйба алмашуу жана кызматташуу үчүн шарттарды түзүү.
Топтордун санын жыйынтыктап жатып, биринчи орунду №33 мектеби, экинчи орунду №69 мектеби ээледи, үчүнчү орун №24 жана №65 мектептерине ыйгарылды, ал эми төртүнчү орун №6, 9, 61, 88, 118 мектептерин берилди.
Белгилей кетсек, жеңүүчүлөргө грамота жана баалуу белектер тапшырылат.