Улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана тарбиячылардын чыгармачылык потенциалын колдоо максатында Биринчи май районунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын арасында «Жылдын мыкты тарбиячысы» кароо-сынагы өткөрүлдү.
Сынактын жыйынтыгында «Мыкты тарбиячы» номинациясы боюнча 1-орунду    №1 жана  №93 бала бакчалардын тарбиячылары ээлешти.
«Мыкты адис» номинациясында  №5 бала бакчанын адиси жеңүүчү деп табылды.
Бардык жеңүүчүлөр шаардык сынакка катышууга жолдомо алышты.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер” (“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”) Жарлыгынын алкагында өткөрүлдү.






