Шаар мэри Айбек Джунушалиев Циндао (КЭР) шаарынан келген кытайлык инвесторлор менен биргеликте питомник куруу процесси жүрүп жаткан жерге барды.

1 айдын ичинде эксперименталдык түрдө 5 гектардан ашык аянтка 12 миң 300 бийик дарак көчөттөрү, 9 миң бадал отургузулду.

Отургузулган дарак жана бадал көчөттөрүнүн негизги түрлөрү:
- Жалбырактуу клен
- Кытай акациясы
- Жазы жалбырактуу дарактар
- Липа
- Ак мом
- Бегония
- Пномпень тереги
- Чоң жалбырактуу терек
- Кызыл нана
- Хоккайдо тереги
- Бук
- Луан жана башкалар.

Питомник жалпы аянты 100 гектарга жакын аянтка пландаштырылган.

Бул долбоор борбор калаада бир катар артыкчылыктарга ээ болгон бийик жана көп жылдык  бак-дарактарды  отургузуу максатында ишке ашырылууда.

Шаар башчысы «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасына тыгыз кызматташтыкта иштеп, чет элдик адистердин тажрыйбасын өздөштүрүү тапшырмасын берди.