Дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында 2009–2010-жылы туулган уул-кыздар арасында Бишкек шаарынын мэринин дзюдо боюнча IV Кубогунун салтанаттуу ачылышы өттү.
Иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кайрылды. Өз сөзүндө ал, борбор калаада спортту өнүктүрүү ар дайым артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. «Комплекстин ачылыш күнүндө бул залда көптөгөн мелдештер жана чоң жеңиштер болот деп каалаган элек, бүгүн бул турнирде туруп, ошол тилектердин алгачкы жыйынтыктарын көрүп турабыз. Биздин Кубок таланттуу спортчуларды аныктоодо жана аларды эл аралык мелдештерге даярдоодо маанилүү аянтча болуп эсептелет. Бишкекти жана Кыргызстандын атын дүйнө жүзүнө таанытып жаткан дзюдочуларыбыз менен сыймыктанабыз», — деп белгиледи шаар башчысы.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Куванычбек Конгантиев да катышты.
Бул турнир жыл сайын Бишкек шаарында дзюдо спортун жайылтуу, жаштар арасында спортко жана дени сак жашоого болгон сүйүүнү калыптандыруу, спортчулар менен машыктыруучулардын достугун чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана чеберчиликти жогорулатуу максатында өткөрүлөт.
Мелдештин уюштуруучулары — Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.