Айрым конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт.
2025-жылдын 24 - апрелинде саат 09:00 - 00:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
* пр. Ч. Айтматов - Л. Толстой көч. (РКИБ инфекциялык ооруканасынын батыш тарабы) – Кулатов көч. – Игембердиев көчөсүнүн түштүк тарабы, Кулатов көч.- Панфилов көч. - М. Горький – көч. Минина көч – Пожарский көч.- М.Горький көч – Ч. Айтматов проспектиси;
* Манас пр. - Ж.Бөкөнбаев көч - Н.Исанов көч – темир жол линиясы;
• Ч. Айтматов пр. - Балагулов көч. - Юдахин көч - Алтымышев көч. – Матыев көч - Л.Толстой көч.
Таза суу диаметри 400 мм болгон Кара-Суу суу түтүгүн авариялык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.