2025-жылдын 21-апрелинде Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат.
Тактап айтканда, Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (батыш тарабы) унаа кыймылы үчүн жабылат.
Белгилей кетсек, кесилиштер унаалар үчүн ачык болот. Чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат. Подряддык уюм – «ДорСтрой Групп» ЖЧКсы.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 22-апрелинде Жибек Жолу проспектисинин Буденный көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүк тарабы) да унаа кыймылы үчүн жабылат. Түндүк тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат. Подрядчы уюм – «Мостдорстрой» ЖЧКсы.
Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап, мүмкүн болсо, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.