Бүгүн мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын базасында 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилиндеги даярдыктар жана алдыдагы 2025-2026-жылдардагы жылытуу мезгилине карата кеңейтилген коллегиялык жыйын өттү.

Коллегияга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, ОЭК департаментинин, мэриянын тиешелүү башкармалыктарынын, муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле турак жай-коммуналдык ишканалардын жана шаардын райондук администрацияларынын жетекчилери катышты.

Коллегиянын катышуучулары жылуулук электр борборунун аймагын кыдырып, ишкананын директору Нургазы Курманбеков учурдагы иштер жана чечүүнү талап кылган маселелер тууралуу айтып берди.

Жыйындын жүрүшүндө инфраструктураны даярдоонун учурдагы жыйынтыктары, негизги жылуулук менен камсыз кылуучу объектилердеги жабдууларды модернизациялоо, ошондой эле кыш мезгилиндеги энергетикалык коопсуздук жана туруктуу жылуулук менен камсыздоо маселелери талкууланды. ⠀

Шаар мэри штаттан тышкаркы жагдайдан улам бузулган от казандары жана турбиналык цехтер толугу менен оңдолуп, от жагуучу цехте өрткө каршы жана чаңды басуучу жабдуулар орнотулуп, пайдаланууга берилгенин баса белгиледи. ⠀

«Орнотулган жабдуулардын маанилүү артыкчылыгы - жабдуулардагы жарылууларды жоюу жана өчүрүү. Ошондой эле, КР Министрлер Кабинетинин колдоосу менен №3 жана №4 энергоблокторуна капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, алардын долбоордук кубаттуулугу 300 МВтга чыгарылды. Бул иштерге республикалык бюджеттен 1 млрд 600 млн сом бөлүнгөн», - деп кошумчалады Айбек Джунушалиев.

Жалпысынан 2024-2025-жылдардагы күз-кыш жылытуу мезгилинде жылуулук электр борбору кубаттуулукту 450–480 МВт чейин көбөйтө алды, бул кошумча 100 МВт электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүндүк берди.

Жылытуу мезгилинде 1 млн тонна көмүр, 70 млн куб метр газ жана 1960 тонна мазут сарпталган.

Отун менен камсыздоо үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, кампада 120 миң тоннадан кем эмес көмүр резерви сакталып турган.

Жаратылыш газын керектөө 19,1 миллион куб метрге (17,4%) азайып, көмүр керектөө 29,8 миң тоннага көбөйгөн.

Бул №3 жана №4 энергоблоктору газсыз иш алып баргандыгынын жыйынтыгы, натыйжада 701,7 миллион сом үнөмдөлдү.

Мындан тышкары, административдик-аймактык реформанын алкагында 28 откана кабыл алынып, жылытуу мезгили башталганга чейин тез арада оңдолуп, ишке кирди.

Өз кезегинде мэрдин орун басары Талайбек Байгазиев "Бишкек жылуулук электр борбору", "Бишкек жылуулук тармагы", "Бишкекжылуулукэнерго", "Бишкекжарык"муниципалдык ишканаларынын аткарган иштери жана пландары тууралуу айтып берди.

Т. Байгазиев калкты газдаштыруу, жылуулук тармактарын, жылуулук жана ысык суу түтүктөрүн оңдоо, от казандарын реконструкциялоо, шаардын жарыктандыруу объектилерин модернизациялоо боюнча маанилүү иштерди белгиледи.

Андан кийин коллегиянын отуруму суроо-жооп форматында өттү.

Коллегиянын соңунда бир катар тапшырмалар берилди, ошондой эле так мөөнөттөр жана жооптуу аткаруучулар көрсөтүлгөн иш-чаралардын комплекси бекитилди.